"Түркия - Украинанын ортосундагы карым - катнаштар болур көрбөгөндөй деңээлде"

Владимир Зеленский Украина Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия - Украина мамилелери боюнча маалымат берди.

1512743
"Түркия  - Украинанын ортосундагы карым  - катнаштар болур көрбөгөндөй деңээлде"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы  карым  - катнаштардын  болуп көрбөгөндөй деңгээлде экендигин белгиледи.

Владимир Зеленский Украина Парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Түркия - Украина мамилелери боюнча маалымат берди.

Армияны  чыңдоого маани беришерин белгилеген Зеленский : "Түркия менен корветтер, куралдуу учкучсуз аба аппараттары  жана абадан коргонуу системаларын чыгарабыз",- деди.

Зеленский, эл аралык аренада көптөгөн өлкөлөр менен мамилелердин өнүктүрүлүгөнүн айтып :  "Украина менен Түркиянын ортосундагы мамилелерде болуп көрбөгөндөй деңгээлде",- деди.  

Украина, өткөн жылы Түркиядан 6 Байрактар TB2 куралдуу учкучсуз аба аппараты жана үч жерди көзөмөлдөө станциясын сатып алган.

Украинанын мамлекеттик "Ukrspetseskport" курал-жарак соода компаниясынын башкы менеджери Вадим Ноздрия Украинада Байрактар TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын биргелешип чыгарууга кызыкдар экендерин жана Украина армиясы биргелешкен 48 өндүрүш куралын сатып алууну пландап жаткандыгын билдирген.

Ошол эле учурда, Украинанын вице  - премьер – министри жана Стратегиялык өнөр жай министри Олег Уруский баштаган делегация август айында Түркияга келген. Уруский сапардан кийин Түркиянын коргонуу өнөр жайында үлгү алчу көп нерселер бар экендигин айткан.



Тектеш кабарлар