Атамекендик өндүрүштө маанилүү кадам

TOGG Farasis менен түзгөн келишимге ылайык, батарея модулдарын жана топтомдорун Түркияда чыгарат.

1512631
Атамекендик өндүрүштө маанилүү кадам

Түркиянын автомобилин демилгелөө тобу (TOGG), өндүрүп жаткан электр унаа каражатынын эң негизги элементтеринин бири болгон батарея үчүн дүйнөдөгү алдыңкы «Li-Ion» батарея чыгаруучуларынан Фарасисти өнөктөш кылды.

TOGGдун Твиттер баракчасынан жарыяланган билдирүүдө: 

«Дүйнөдөгү алдыңкы «Li-Ion» батарея өндүрүүчүлөрүнөн Farasis менен түзгөн келишимдерибизге ылайык, батарея модулдарын жана топтомдорун Түркияда чыгарабыз», - деп айтылды.

Farasis Energy (Ganzhou) Ltdнин мурункусу болгон Farasis Energy Inc. 2002-жылы АКШда негизделген.

Энергия тыгыздыгы боюнча алдыңкы орунду ээлеген «Li-Ion» батареялары менен Кытай жана Европага тарап, ар кандай рыноктордо дүйнөлүк кардарларды өзүнө тартты.



Тектеш кабарлар