Президент Эрдоган Эрсин Татарды куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти болуп шайланган Эрсин Татарды өзүмдүн жана Түрк улутунун атынан куттуктайм",-  деди.

1511523
Президент Эрдоган Эрсин Татарды куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти болуп шайланган Эрсин Татарды өзүмдүн жана Түрк улутунун атынан куттуктайм",-  деди. 

Президент Эрдоган твиттерден Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы шайлоого байланыштуу маалымат берди. Эрдоган билдирүүсүндө : «Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти болуп шайланган урамматтуу Эрсин Татарды өз атымдан жана түрк улутунун атынан куттуктайм. Түркия Кипр түрк калкынын укуктарын коргоо үчүн бардык аракетти көрсөтүүнү улантат»,- деди. Андан кийин Татар менен телефон аркылуу сүйлөшкөн Эрдоган : «Президенттикке шайланууңуздун өзүңүз үчүн, Түндүк Кипр Түрк калкы жана Кипр дообуз үчүн пайдалуу болушун каалаймын»,- деди.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Президент Эрдоган сүйлөшүүдө Кипр түркүнүн демократиялык жетишкендигин бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөткөндүгүн белгиледи.

Эрсин Татардын президеттикте Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  укук жана адилеттүүлүк күрөшүн ийгиликтүү улантарына толугу менен  ишенгендигин баса белгилеген Президент Эрдоган Эрсин Татардын  президенттиги мезгилинде Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аткарылган иштер жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын өнүгүшү менен бардык тармактагы дал келген кызматташууну чечкиндүүлүк менен улантышарын айтты.

Президент Эрдоган, келерки мезгилде Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кипр көйгөйүн чечүү боюнча аракеттерин улантышарын да айтты.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын шайланган президенти Эрсин Татарды Түркия  Улуттук Парламентинин төрагасы Мустафа Шентоп, вице-президент Фуат Октай жана Республикалык Элдик Партия жана башкы оппозициянын төрагасы Кемал Кылычдароглу да твиттерден куттукташты.



Тектеш кабарлар