Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир сутканын ичинде 112 миң 131 тест жасалып, 1 миң 723 кишиде вирус аныкталды.

1511005
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 71 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 9 миң 224 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 112 миң 131 тест жасалып, 1 миң 723 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 401 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 302 миң 499га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар