Эрдоганга Украинанын мамлекеттик ордени тапшырылды
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдагы Вахдеттин резиденциясында жолугушту.
Президент Режеп Таййип Эрдоганга Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан "Украинанын мамлекеттик ордени" тапшырылды.
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулдун Үскүдар аймагындагы Вахдеттин сарайында жолугушту.
Эки лидердин төрагалыгы астында өткөн делегациялардын жолугушуусу 1 саат 15 мүнөткө созулду. Жолугушуудан кийин президент Эрдоганга Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан Украинанын мамлекеттик ордени тапшырылды.
Андан соң делегациялардын ортосундагы жолугушуунун биргелешкен билдирүүлөрүнө кол коюлду.
Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир менен Украинанын коргоо министри Андрей Таран коргонуу өнөр жайы долбоорлорунун алкагында жакшы санаалаштык жөнүндө декларацияга кол коюшту жана Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Украинанын коргоо министри Андрей Тарандын ортосунда Аскердик алкактуу келишимге кол коюлду.
Түркия-Украина өкмөттөр аралык Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-сессиясынын протоколуна да улуттук уоргоо министри Хулуси Акар менен Украинанын соода жана айыл чарба министри Игорь Петрашконун ортосунда кол коюлду.