27 жылдан бери ПКК менен иштешкен террорист багынып берди

Террорго каршы күрөш уланып жатат.

1510822
27 жылдан бери ПКК менен иштешкен террорист багынып берди

Шырнактын Жуди тоосу аймагында жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Чагылган-13 Бестлер Дерелер операциясынын алкагында Жуди тоосу аймагындагы Шырнак облустук Жандармерия командирлигине караштуу жандармериянын десанттык жана жандармериянын атайын кыймыл (JÖH) бөлүктөрү тарабынан операция жүргүзүлдү.

Аба күчтөрү командирлиги тарабынан да колдоого алынган операцияда 2 куралдуу террорист жок кылынды.

Аймакта операция уланууда.

Бир тараптан Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Твиттердеги баракчасынан 27 жылдык ПКК мүчөсү бир террористтин Шанлыурфада тоодон түшүп келип багынып бергенин билдирди.

Ванда да полиция кызматкерлеринин ынандыруу аракеттеринин натыйжасында ПККнын бир террористи багынып берди.



Тектеш кабарлар