Тышкы иштер министри телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азерайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1510134
Тышкы иштер министри телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азерайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу менен Байрамов  Жогорку Карабах маселесин карап чыгышты.

Мевлүт Чавушоглу  Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Мевлүт Чавушоглу кесиптеши Сергей Лавров менен Жогорку Карабах, Армениянын ок атышпоо эрежесин бузушу,  жарандарга карата кол салуулары жана Тертерде жаназа зыйнатына карата кол салуусун карап чыкты.

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвадагы сүйлөшүүлөрдө 10 -  октябрь ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12: 00дөн тарта жарактуу болгон Тоолуу Карабахтагы жаназалардын жана туткундардын алмаштырылышын күткөн адамзаттык максаттагы ок атышпоо чечимин чыгарышкан.

Армения армиясы ок атышпоо келишиминен 24 саат өтпөстөн Азербайжандын Генже шаарына ракеталар менен кол салып, 9 киши каза болуп, 34 киши да жараланган.

Армения армиясы кечээ Азербайжандын Тертер шаарындагы жаназа зыйнаты учурунда мазарга барган жарандарга карата кол салып, 4 киши каза болуп, 4 киши жараланган.

Ошол эле учурда министр Чавушоглу Чехиянын тышкы иштер министри Томас Петричек жана Латвиянын вице  - премьер  - министри жана коргоо министри Артис Пабрикс менен да телефон аркылуу сүйөштү.



Тектеш кабарлар