Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Азербайжанга барат

Түркия Улуттук Парламентинин Спикери Мустафа Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясы 18 – 20 -  октябрда Азербайжанга сапар менен барат.

1510322
Түркия Улуттук Парламентинин спикери Шентоп Азербайжанга барат

Түркия Улуттук Парламентинин Спикери Мустафа Шентоп жана коштоосундагы парламент делегациясы 18 – 20 -  октябрда Азербайжанга сапар менен барат.

Түркия  Улуттук Парламентинин Төрагалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Шентоп Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен бул өлкөгө расмий сапар менен барат.

Жолугушууларын Азербайжан республикасынын көз карандысыздык күн болгон 18 -  октябрда баштай турган Шентоп 19 -  октябрда президент Алиев тарабынан кабыл алынат. Ошол эле күнү көп сандаган расмий жолугушууларды өткөрө турган Шентоп 20 -  октябрда Азербайжан Улуттук Парламентине кайрылат. Шентоп  берген маалыматында боордош өлкө Азербайжанга эки күндүк расмий сапар менен барарын белгилеп : «Бакудагы жолугушууларыбызда Түркиянын колдоосун бирге ала барганыбызды жана Азербайжандын бизден качан, кандай темада жардам сураса баарын аткарууга даяр экендигибизди дагы бир жолу айтабыз. Бир улут эки мамлекет катары кыйынчылыктарыбыз, кубанычтарыбыз бир. Аймакта  тынчтыктын, бейкуттуктун, адилеттиктин жана эл аралык мыйзамдын принциптеринин өкүмдүк кылышы, Түркиянын бир гана максаты».



Тектеш кабарлар