Түрк Кызылайынын жардамы Бакуга жетти

Конвойду Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал, Азербайжан Кызыл жарым ай коомунун жетекчисинин орун басары Гафар Эсгерзаде жана берки жетекчилер тосуп алышты.

1508985
Түрк Кызылайынын жардамы Бакуга жетти

Түркиянын Кызыл жарым ай коому тарабынан Тоолуу Карабахтагы кагылышуулардан жапа чеккен аймактын калкына жеткирүү үчүн Азербайжанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдарды ташыган конвой борбор шаар Бакуга жетти.

Конвойду Түркиянын Бакудагы элчиси Эркан Өзорал, Азербайжан Кызыл жарым ай коомунун жетекчисинин орун басары Гафар Эсгерзаде жана берки жетекчилер тосуп алышты.

Жардам каражаттары андан кийин кагылышуулар болгон аймактарда жашаган жарандарга жеткирилиши үчүн Азербайжан Кызыл жарым айынын кампасына жайгаштырылды.

Элчи Өзорал тосуп алуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия катары Азербайжандын мыйзамдуу күрөшүнө колдоо көрсөтө тургандарын айтты.

 «Азербайжанды ар тараптуу колдой беребиз» деген Өзорал Түрк Кызылайы тарабынан жиберилген гуманитардык жардамдын ушул колдоонун уландысы экендигин белгиледи.

Азербайжан Кызыл жарым ай коомунун жетекчисинин орун басары Эсгерзаде да Түрк Кызылайынын  ар дайым Азербайжанды колдогондугун билдирди.

250 даана 16 чарчы метрдик 6 киши баткан апаат чатырлары, 3 миң жууркан, 500 керебет, 288 ашкана буюмдары, болжол менен 1,2 миллион лиралык гуманитардык жардам ташыган 4 жүк ташуучу унаа 9-октябрда Анкара шаарынан жолго чыккан болчу.



Тектеш кабарлар