Эрдоган : "Греция менен Кипр Рум бөлүгүнө татыктуу болгон жоопту берүүнү улантабыз"

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

1508943
Эрдоган : "Греция менен Кипр Рум бөлүгүнө татыктуу болгон жоопту берүүнү улантабыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын Греция жана Кипр Рум бөлүгүнө татыктуу жооптуу аянтта берүүнү улантышарын айтты.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Түркия Улуттук Парламентиндеги фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

Президент Чыгыш Жер Ортолук деңизинде Түркиянын жана Кипр түрктөрүнүн мыйзамдарын көзөмөлгө албаган эч бир пландын турмушка ашуу мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин ортого салганын белгилеп : «Явуз кемебиздин коопсуздугун деңиз флоту түзүүдө. Оруч Реис сесмологиялык изилдөө кемебиз да кайрадан Жер Ортолук деңиздеги ишине кайтты. Барбарос Жер Ортолук деңизиндеги иштерин улантууда. Европа Биримдиги менен НАТО платформаларындагы убадаларында турбаган Греция менен Кипр Рум бөлүгүнө татыктуу болгон жоопту аянтта берүүнү улантабыз. Кануни оңдоо иштери бүткөндөн кийин Кара деңиздеги иши үчүн жолго чыгат. Кануни кемебиздин иштеринен да кубанычтуу кабарларды күтүп жатабыз»,- деди.

Президент Эрдоган Фатих бургулоочу кемеси ачкан жаратылыш газ кабарынын кубаныч жараткандыгын айтып : «Ишемби күнү Фатих бургулоочу кемебизге барып аткарган иштерин жеринде көрүп, жаңы резерв көлөмүн билдиребиз»,- деди.

Эрдоган Армениянын Азербайжанга кол салуусу тууралуу : «Минск үчтүгү алигече алаксытуу тактикасы менен алектенүүдө. Эгерде дүйнөдө адам укуктары бар болсо, демократия бар болсо жана сиздер да 30 жылдан бери бул Минск үчтүгүнүн ичинде бул маселени чечүү менен милдеттүү болсоңуздар аткара турган эмне болсо аткарып, бул сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, бул жерлерди ээлерине берүү. Азербайжандык боордошторубузга бардык жардамды берүүгө даярбыз. Минск үчтүгүнүн ичинде болгондордун берген колдоону эмнеге сүйлөшпөйсүңөр? Россиядан ошондой эле Франциядан да куралдар келүүдө. Буларды эмнеге сүйлөшпөйсүңөр?»,- деди.

Эрдоган сөзүндө өзгөчө Капалы Мараш аймагынын ачылышынын Кипр үчүн тарыхый бурулуш жери болгонун белгиледи. Эрдоган : « Капалы Мараш аймагы Түндүк Кипр түрктөрүнүкү. Бул ушундай билиниши керек»,- деди.



Тектеш кабарлар