Түркияда бир суткада 114 миң 992 тест жасалды
Акыркы 24 саатта вирустан 62 киши көз жумду.
1508378

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 62 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 8 миң 957 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 114 миң 992 тест жасалып, 1 миң 632 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 331 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 296 миң 972ге жогорулады.
Тектеш кабарлар

Түркия коронавирус менен күрөшүүнү улантууда
Түркияда акыркы 24 саатта коронавирустан 153 киши каза болду.