Яшар Гүлер Катардын Башкы штабынын башчысы менен жолугушту
Аскердик аземден кийин эки командир жолугушуу өткөрдү.
Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер Катардын Башкы штабынын башчысы генерал-лейтенант Ганим бин Шахин аль-Ганим менен жолугушту.
Башкы штабдын Твиттердеги баракчасына жазылган маалыматка караганда Гүлер Анкарага расмий конок катары келген Катардын Башкы штабынын башчысы аль-Ганимди аскердик салтанат менен тосуп алды.
Аскердик аземден кийин Башкы штабдын штабында эки командир жолугушуу өткөрдү.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да кечээ Катардын Башкы штабынын төрагасы генерал-лейтенант Ганим бин Шахин аль-Ганимди кабыл алган болчу.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Акар аль-Ганим менен министрликте жолукту.
Башкы штабдын төрагасы армия генералы Яшар Гүлер да катышкан кабыл алууда эки тараптуу жана аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашылды.