"Армения глобалдык маселе"

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Армениянын эми глобалдык бир маселе болгондугун айтты.

1507065
"Армения глобалдык маселе"

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Армениянын эми глобалдык бир маселе болгондугун айтты.

Мустафа Шентоп твиттерден Азербайжан менен Россиянын борбор шаары Москвада чыгарылган ок атышпоо чечимине карабастан Армениянын жарандарды бутага алган кол салууларды улантып жаткандыгын билдирди.

Бул кол салуулардын түздөн түз жарандарды бутага алышынан улам согуштук кылмыш экендигин жана соттолушу керектигин баса белгилеген Шентоп : «Армения эми бир глобалдык маселе»,- деди.     

Армения менен Азербайжан Россиянын борбор шаары Москвада өткөн сүйлөшүүлөрдө 10 -  октябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн тарта жарактуу болуу менен Тоолуу Карабахтагы жаназалар менен туткундардын алмаштырылышын күткөн, адамзаттык максатта ок атышпоо чечимин чыгарган.

Армения армиясы ок атышпоодон 24 саат өтпөстөн Азербайжандын Генже шаарына ракеталык кол салып 9 киши каза болуп, 34 киши жараланды.



Тектеш кабарлар