Түркиянын Агры облусунда 1 аскер шейит болду

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү болгон террористтер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду.

1506667
Түркиянын Агры облусунда 1 аскер шейит болду

Агры облусунда террористтер менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунда 1 аскер шейит болуп, 1 аскер жаракат алды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда кечке жуук Догубаязыт районунун элет жеринде жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсү болгон террористтер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу болду.

Кагылышууда 2 аскер жаракат алды.

Жаракат алган жоокерлердин бири ал жаткан ооруканада шейит болуп, экинчиси дарыланып жатат.

Аймакта террористтерге каршы операциянын уланып жатканы белгиленди.


Этикеткалар: #шейит , #Агры облусунда

Тектеш кабарлар