«Тынчтык булагы» операциясынын бир жылдыгы

Улуттук Коргоо министрлиги видео жарыялады.

1506132
«Тынчтык булагы» операциясынын бир жылдыгы

Улуттук Коргоо министрлиги Сирияда жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын бир жылдыгына карата операциянын жана аймакка көрсөтүлгөн жардамдардын көрүнүштөрү камтылган видео жарыялады.

Министрликтин Твиттердеги баракчасынан жарыяланган билдирүүдө: «Чоң эрдик менен жүргүзүлгөн «Тынчтык булагы» операциясынын 1 жылдыгында шейиттерибизди эскерип, баатыр ардагерлерибизге ыраазычылыгыбызды билдиребиз» делди.

Мындан тышкары, аймактагы сириялыктарга өз жеринде тынч жана коопсуз жашоолорун каалашты.

Операциянын жана аймакка көрсөтүлгөн жардамдардын көрүнүштөрүн камтыган видеодо, операциянын алкагында колго жасалган жардыргыч заттар менен баш калкалоочу жайлар жана туннелдердин биринин артынан бири жок кылынганы баса белгиленди.

Видеодо операциянын алкагында террористтер тарабынан басылып алынган 86 мечит жана 7 чиркөөнүн оңдоп-түзөлгөндөн кийин кайрадан ибадатка ачылгандыгы белгиленип: «Сириялык боордошторубуз өз ыктыяры менен жана аман-эсен өз жерлерине кайтып барышты. Террористтер тарабынан талкаланган ооруканалар оңдолуп, пайдаланууга берилди. Калыбына келтирилген  400 мектепте болсо 35 миңден ашуун окуучу билим алууда» деген сөздөргө орун берилди.

Видеонун аягында «Тынчтык булагы» операциясынын негизинде Сирияда тынчтык жана бейпилдикке карата үмүт жаралганы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар