Түркия ЕБнин отчетуна катуу каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги тарабынан отчетко байланыштуу берилген билдирүү.

1504278
Түркия ЕБнин отчетуна катуу каршылык көрсөттү

Түркиядан Европа Комиссиясынын 2020-жылдагы Түркия боюнча отчетуна катуу жооп ...

Тышкы иштер министрлиги тарабынан отчетко байланыштуу берилген билдирүүдө, «2020-жылдагы Түркия боюнча отчету, бул жылы дагы Европа Биримдигинин жаман ойлуу, конструктивдүүлүктөн алыс жана кош стандарттуу мамилесин чагылдырууда. Бул отчетто ЕБнин орундатпаган жоопкерчилиги жана убадаларына токтолбостон, негизсиз аргументтер менен өлкөбүздү сындоодо. Өзгөчө биздин башкаруу тутумубуз, шайлоолор, негизги укуктар, айрым сот чечимдери жана администрациялык чечимдер ошондой эле терроризмге каршы мыйзамдуу чараларды сынга алган, коопсуздук жана экономикалык саясаттарбыз тууралуу жаман ойлуу,  адилетсиз жана пропорциялуу эмес сындар отчеттун объективдүүлүктөн канчалык алыс экендигин көрсөтүп турат»,делди.

 Билдирүүдө,«Европа Комиссиясынын 2020-жылдагы Түркиянын отчетунун Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Эгей жана Кипр маселеси менен байланышкан бөлүгү толугу менен Рум-грек тезистерине негизделген. Бул абал  Комиссиянын калыстыгын азайтууда. Кипр көйгөйүнүн чечилишине жана дагы Эгей менен Чыгыш Жер Ортолук деңиздин туруктуулугуна салым кошпогон бул бир тараптуу жана мыйзамга жатпаган көз карашты четке кагабыз»,деп айтылды.



Тектеш кабарлар