Президент Эрдоган Дохада

Борбор шаар Дохадагы Деңиз сарайында 1 саат 10 минутага созулган жекеме жеке сүйлөшүү массалык маалымат каражаттарына жабык өттү

1504641
Президент Эрдоган Дохада

 Президент Р. Т. Эрдоган өткөн жумада Кувейттин Эмири Сабах ел Ахмед ел  -  Жабир ес  - Сабахтын каза болушу менен бул өлкөгө көңүл айтуу сапары менен барды.

Президент Р. Т. Эрдоган атайын учак «ТУР» менен Түркия убактысы боюнча саат 12:15те Кувейтке конду.

Президент Эрдоганды Кувейттин эмирлик аэропортунда Кувейттин Эмири Шейх Невваф ел  - Ахмед ел  - Жабир ес – Сабах, Кувейт эмирлик протокол директору Кхалид ел  - Абдуллах ес  - Сабах, Түркиянын Кувейт элчиси Айше Хилал Саян Койтак жана башка жетекчилер тосуп алышты.

Өткөн жумада каза болгон Сабах ел – Ахмед ел  - Жабир ес  - Сабахтан кийин кызматын өткөрүп алган Кувейт Эмири Шейх Невваф ел  - Ахмед ел  - Жабир ес  - Сабах менен жолугушкан Эрдоган көңүл айтты.

Эрдоган андан кийин атайын учак "ТУР" менен Түркия убактысы боюнча саат 14:20да Катардын борбор шаары Дохага барды. 

Президент Эрдоган Катардын Эмири Шейх Темим бин Хамед Ал Сани менен жолугушту.

Борбор шаар Дохадагы Деңиз сарайында 1 саат 10 минутага созулган жекеме жеке сүйлөшүү массалык маалымат каражаттарына жабык өттү. Жолугушуудан кийин иш алып баруу тамагына өтүлдү. 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар