Түркиянын Кыргызстанга байланыштуу билдирүүсү
Түркия Кыргызстандагы окуяларга тынчсызданууда.
Түркия Кыргызстанда 4-октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон кийин болгон окуяларга терең тынчсыздануусун билдирди.
Тышкы иштер министрлигинин буга байланыштуу билдирүүсүндө: «Кыргызстанда 4-октябрында өткөрүлгөн парламенттик шайлоодон кийин болгон окуялар бизди терең тынчсыздандырууда. Бул окуялардын курчушуна жол бербөө жана шайлоого байланыштуу көз караш айырмачылыктарынын конституциялык тартипте, коомдук макулдашуу жана акыл-эстүүлүк менен чечилүүсүн каалайбыз».
Кыргызстандын бул окуяларды өз элинин акыл-эстүүлүк жана тилектештигинин негизинде ыкчам чечүү үчүн саясий жактан жетилгендигинен шек санабайбыз.
Дос жана боордош кыргыз элинин жана бардык саясий топтордун ушул орчундуу мезгилде Кыргызстандын тынчтыгы жана өсүп-өнүгүшү үчүн биримдикте жана тилектештикте иш алып бараарына толук ишенебиз».