Эрдоган: «Макрондун Исламга байланыштуу билдирүүсү чагымчылык болуп саналат»

Эрдоган Макрондун билдирүүсүнө каршылык көрсөттү.

1503998
Эрдоган: «Макрондун Исламга байланыштуу билдирүүсү чагымчылык болуп саналат»

Президент Режеп Тайип Эрдоган: «(Франциянын президенти Эммануэль) Макрондун мусулмандар жыш жашаган шаарда жасаган «Ислам кризисте» деген билдирүүсү бул сыйлабастыктан тышкары ачык чагымчылык болуп саналат»,-деди.

Эрдоган борбор шаар Анкарадагы Бештепе Миллет конгресси жана Маданият борборунда Мечиттер жана Диний кызматкерлер жумалыгы программасына катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Аясофия (мечитчи кайрадан ибадатка ачуу) чечиминин негизинде Түркия көз карандысыздыгына түшүрүлгөн көлөкөнү алып салып, эркине урулган соккудан бошотулду»,-деди.

Түркиянын диний укук жана эркиндикке карата үлгүлүү мамиле көрсөткөнүн, бирок Батышта тескериси болуп жатканын айткан Эрдоган, бүгүнкү күндө көптөгөн Батыш өлкөлөрүндө расизм жана Исламга карата душмандыктын мамлекеттин жеке өзү тарабынан колдоого алынгандыгын билдирди.  

Президент: «Расизмге жана исламофобияга каршы туруунун ордуна, жолунан адашкандар өз коомуна жамандык кылып жатышат»,- деди.

«Мусулмандарга кол салуу европалык саясатчылардын ийгиликсиздиктерин жашыруу үчүн колдонгон эң маанилүү шаймандардын бири болуп калды» деген Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Макрондун мусулмандар жыш жашаган шаарда жасаган «Ислам кризисте» деген билдирүүсү бул сыйлабастыктан тышкары ачык чагымчылык болуп саналат. Биз анын колониялык губернатордун милдетин аткаргандан көрө, жоопкерчиликтүү мамлекеттик ишмер катары иш алып барышын күтөбүз. Франциянын президенти катары Исламдын структураланышынан сөз кылышы аша чапкандык, оройлук».



Тектеш кабарлар