Түркия Кыргызстандагы шайлоонун тынчтык ичинде өтүшүнөн улам кубанычтуу

Түркия Кыргызстанда болгон шайлоонун тынчтык ичинде өтүшүнөн улам кубанычтуу экендигин билдирди.

1502913
Түркия Кыргызстандагы шайлоонун тынчтык ичинде өтүшүнөн улам кубанычтуу

Түркия Кыргызстанда болгон шайлоонун тынчтык ичинде өтүшүнөн улам кубанычтуу экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кыргыз республикасында кечээ болгон парламенттик шайлоонун тынчтык ичинде ийгиликтүү өтүшүнөн улам кубанычтуу экендиги билдирилди. Маалыматта : «Парламент шайлоосунун жыйынтыгынын дос жана боордош Кыргызстан үчүн пайдалуу болушун каалайбыз. Шайлоодон кийин түзүлө турган өкмөттүн стратегиялык өнөктүшүбүз Кыргызстан менен эки тараптуу карым  - катнаштарыбыздын жана ар тармактагы кызматташуубуздун дагы да өнүгүшүнө салым кошоруна ишенебиз»,- деп билдирилди.

Кыргызстан Борбордук Шайлоо Комиссиясы парламенттин 120 жаңы мүчөсүн тандоо үчүн өткөрүлгөн шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгын кечээ кечинде билдирди.

Катышуу  катнашы 55 пайызга жакын болгон шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда 4 саясий партия 7 пайыздык тосмодон өтүп 120  орундуу парламентке кирүү укугуна ээ болду. 5 жыл кызмат кыла турган депутаттарды шайлоо жарышына кирген 16 саясий партиядан «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» парламентке кирди.

Ушундайча учурдагы парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков талапкер көрсөтүлгөн «Кыргызстан» партиясы ордун сактап, башка үч партия парламентке биринчи жолу кирген болду.



Тектеш кабарлар