Тизмеден эки террорист дагы кемиди

Тунжелиде бирөөсү кызыл, бирөөсү да саргылт кызыл категорияда изделген 2 террорист жок кылынды.

1503021
Тизмеден эки террорист дагы кемиди

Тунжелиде бирөөсү кызыл, бирөөсү да саргылт кызыл категорияда изделген 2 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Тунжели  - Оважык элетинде 2 -  октябрь жума күнү облустук жандармерия командирлиги тарабынан аба күчтөрүнүн колдоосу астында ишке ашырылган «Йылдырым  - 4» операциясында 2 террористтин куралдары менен бирге жок кылынгандыгы белгиленди.

Жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн террордон изделген кызыл категорияда орун алган ТКП/МЛ ТИККО террордук уюмдун Тунжелидеги жооптуусу  Өзгүр каймана аттуу Али Кемал Йылмаз экендиги аныкталды. Террористтин 2007 -  жылы уюмга кошулгандыгы, мина жана колдо жасалган бомбалар боюнча адис экендиги белгиленди.

Өлүү  колго түшүрүлгөн башка террористтин террордон изделген саргылт кызыл категорияда орун алган ТКП/МЛ ТИККО террордук уюмунун аялдардан жооптуу Асмин каймана аттуу Гөкче Курбан экендиги аныкталды.



Тектеш кабарлар