Президент Эрдоган Сарражды кабыл алды

Стамбулда Вахдеттин сарайында  өткөн жолугушуу 1 саатка жакын созулду. Андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрүлдү.

1502641
Президент Эрдоган Сарражды кабыл алды

Президент Р. Т. Эрдоган Ливиянын премьер  - министри Файиз ес  - Сарражды кабыл алды.

Стамбулда Вахдеттин сарайында  өткөн жолугушуу 1 саатка жакын созулду. Андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүү өткөрүлдү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда кабыл алууда эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык абалдар каралды.

Президент Р. Т. Эрдоган кабыл алууда Түркиянын толук тилектештик ичинде Ливиянын жанында болууну улантарын белгилеп Ливиянын бир гана мыйзамдуу өкүлү болгон Улуттук ынтымактык өкмөтү менен карым  - катнаштарды күчөндүрүү аракети ичинде экендерин айтты.

Түркия менен Ливиянын ортосунда кол коюлган Деңиз  чектерин белгилөөгө байланыштуу меморандум келишиминин БУУ тарабынан да тастыкталышынын кубантуучу абал экендигин айткан Эрдоган Ливиянын ырааттуулугу жана ливиялыктардын бейкуттугу үчүн бардык колдоону берүүнү улантууга даяр экендерин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар