Агры жана Диярбакырдын элет жерлеринде 6 террорист жок кылынды

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымат бөлүштү.

1502376
Агры жана Диярбакырдын элет жерлеринде 6 террорист жок кылынды

Чагылган-3 операциясынын алкагында, Агрынын Догубаязыт районунун элет жеринде жикчил террордук уюм ПККдан 3 террорист зыянсыздандырылды.

Ички иштер министрлиги тарабынан, Агрыдагы Догубаязыт районунун элет жеринде коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн абадан коштолгон операцияда 3 террористтин куралдары менен зыянсыздандырылганы маалымдалды.

Билдирүүдө Чагылган операцияларынын алкагында Диярбакырда 3 жана Агрыда 3 болуп бардыгы 6 террористтин жок кылынгандыгы жана аймакта операциялардын улантылганы белгиленди.

Терроризмди толугу менен жок кылуу үчүн Чагылган операциялары 13-июлда башталган.


Этикеткалар: #террорист , #Чагылган

Тектеш кабарлар