Меркель: «Түркия менен мамилебизди жаңыдан тең салмакташтырышыбыз керек»

Ангела Меркель, Бундестагдагы бюджеттик сүйлөшүүлөрдө сүйлөгөн сөзүндө, эртеңки Европа Биримдиги (ЕБ) жыйынында Түркия менен карым-катнаштардын талкууланарын айтты.

1500342
Меркель: «Түркия менен мамилебизди жаңыдан тең салмакташтырышыбыз керек»

Германиянын канцлери Ангела Меркель, Түркия менен мамилелердин жаңыдан тең салмакташтырышы керек, анткени көптөгөн маанилүү маселелер учурда бул өлкө менен кызматташууга байланыштуу деп айтты.

Ангела Меркель, Бундестагдагы бюджеттик сүйлөшүүлөрдө сүйлөгөн сөзүндө, эртеңки Европа Биримдиги (ЕБ) жыйынында Түркия менен карым-катнаштардын талкууланарын айтты.

Түркиянын НАТОнун мүчөсү экендигин баса белгилеген жана Түркиянын качкындарга каалгаларын ачып, аларды эң мыкты түрдө кабыл алгандагы үчүн мактаган Меркель: «Түркиядагы качкындарды багууда  укмуштуудай жана эске алынса боло турган иштерди жасап жатышат. Түркия, балким, 4 миллиондон ашуун качкыны бар дүйнөдөгү эң көп качкындарды кабыл алган өлкөлөрдүн бири. Ошондуктан, биз түшүнүшпөстүктөрдүн чечилишине кандайча салым кошо тургандыгыбызды билишибиз керек жана качкындар боюнча кызматташтыгыбызды  кандайча өркүндөтө турганыбызды карашыбыз керек. Биз Түркия менен мамилелерибизди тең салмакташтырышыбыз керек, анткени көптөгөн маанилүү маселе дагы деле болсо бул өлкө менен кызматташууга байланыштуу»,-деп айтты.

Меркель Евробиримдиктин жаңы миграция жана башпаанек келишиминин сунушуна да токтолуп, бул сунушту колдоого чакырды.

Качкындар маселеси Европанын жакынкы 10 же 20 жыл ичинде алек боло турган татаал маселе экендигин белгилеген Меркель ЕБ Комиссиясы тарабынан даярдалган реформа пакети үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Меркель: «Муну кандайча ишке ашыруу керек деген суроо дагы Европанын биримдигинин таянычы болуп саналат»,-деп айтты.

Меркель, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер катары, эгерде узак мөөнөттүү келечекте иммиграция боюнча орток пикир табылбаса, анда бул Европанын өнүгүшү үчүн оор жүк болоорун белгиледи.



Тектеш кабарлар