Мелүт Чавушоглу : "Азербайжан маселени жеринде чечүүнү каалап жатса биз жанында болобуз"

Мевлүт Чавушоглу Армениянын Азербайжан жерлеринде баштаган кол салуу  менен  эл аралык укукту тебелегендигин жана мунун бир жообунун болушу керектигин айтты.

1500124
Мелүт Чавушоглу : "Азербайжан  маселени жеринде чечүүнү каалап жатса биз жанында болобуз"

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Армениянын Азербайжан жерлеринде баштаган кол салуусу  тууралуу : «Азербайжан Армения маселесин чечүүнү каалап жаткан болсо биз Азербайжандын жанында болобуз дедик»,- деди. Чавушоглу Анадолу агенттигинин Редактордун столунда күн тартиби тууралуу маалыматтарды берди.

Мевлүт Чавушоглу Армениянын Азербайжан жерлеринде баштаган кол салуу  менен  эл аралык укукту тебелегендигин жана мунун бир жообунун болушу керектигин айтты.  Түркиянын абалдар тууралуу мамилесине токтолгон Чавушоглу : «Азербайжан Армения маселесин чечүүнү каалап жаткан болсо биз Азербайжандын жанында болобуз дедик»,- деди.

Министр Чавушоглу Азербайжандын өз жеринде күрөшүп жаткандыгын да белгилеп : «Дүйнөнүн кай жеринде баскынчы менен жери басылып алынгандарга бирдей мамиле жасалган»,- деди.

Чавушоглу бир тараптан Чыгыш Жер ортолук деңиздеги абалдар тууралуу Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги маселелердин чечилиши үчүн аймактык конференция өткөрүү сунушун кайталады.

Министр Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Кипр Рум башкаруусундагы сапары тууралуу буларды айтты : «АКШ теңдикти бузбашы керек. Чектүү да болсо эмбаргону жоюшу туура эмес. Теңдикти бузууда».



Тектеш кабарлар