Түркия Парламентинен Арменияны айыптоо билдирүүсү жарыяланды

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынында гы (ТУУЖ) фракция өкүлдөрүнүн колу коюлган биргелешкен декларация жарыяланды.

1498936
Түркия Парламентинен Арменияны айыптоо билдирүүсү жарыяланды

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынындагы (Парламент) 4 партия, Армениянын кол салууларын биргелешкен билдирүү менен айыптады.

Армениянын Азербайжанга карай кол салуусу боюнча Адилеттик жана өнүгүү партиясы (АК Партия), Республикалык Элдик Партия (CHP), Улутчул Кыймыл партиясы (MHP) жана IYI Партиясы 2020-жылдын 28-сентябрында Тоолуу Карабахта Армениянын ок атышпоо режимин жана эл аралык укуктарды бузуп  оор куралдар менен Азербайжандын жарандык конуштарын жана аскерлерин бутага алган кол салууларды биргелешкен декларация менен айыптады.

ТУУЖдагы фракция өкүлдөрүнүн колу коюлган биргелешкен декларация жарыяланды.

Билдирүүдө, «Түркия Улуу Улуттук Жыйынында фракциясы орун алган саясий партиялар катары, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн 28-сентябрда Жогорку Карабахтагы ок атпоо жана эл аралык мыйзамдарды бузуп, Азербайжандын жарандык конуштарын жана аскерлерин оор куралдар менен бутага алган кол салууларын кескин айыптайбыз»,деген сөздөр камтылган.

Билдирүүдө бул акыркы кол салуунун Армениянын Товруздагы кол салуулардан кийин аймактагы тынчтыктын жана туруктуулуктун туруктуу орнотулушуна эң чоң тоскоолдук экендигин дагы бир жолу көрсөткөнү белгиленди: «Биз Азербайжандын элин коргоо жана анын аймактык бүтүндүгүн эл аралык укуктан келип чыккан коргонуу укугунун чегинде коргоо максатында колдойбуз. Тоолуу Карабах дээрлик 30 жылдан бери Армениянын басып алуусу астында болуп келген. Ушул адилетсиз басып алуунун соңуна чыгарылышы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жана Европанын Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) чечимдерине ылайык тынчтык жолу менен чечүүнү колдойбуз. Эл аралык коомчулукту ушул убакка дейре болгонундай Армениянын баскынчылыгы жана жоопкерчиликсиз кол салууларынан улам жабыркаган Азербайжандын жанында болууга чакырабыз. Ушул себептен Гази Мажлисибиздеги саясий партиялар катары, шейит болгон азербайжандык туугандарыбыздын жаткан жери жайлуу болушун, жаралуулардын тез сакайышын жана жан Азербайжанга  көңүл айтып, биз дагы бир жолу улутубуздун тилектештик каалоосун баса белгиледик».



Тектеш кабарлар