Ирактын түндүгүндө ПККга таандык материалдар колго түшүрүлдү
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык көптөгөн курал - жарак жана ок - дары колго түшүрүлдү.
1498747
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга таандык көптөгөн курал - жарак жана ок - дары колго түшүрүлдү.
Улуттук Коргоо министрлигинин маалыматында Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККнын куралдары менен ок - дарыларын издөө жана текшерүүнүн улантылып жатканы белгиленди.
Маалыматта Ирактын түндүгүндөгү Авашин - Басян аймагында издөө жана чалгындоо - байкоо иштерин жүргүзгөн десанттар жикчил террордук уюм ПККга таандык 3 АК - 47 жөө аскер мылтыгы, 1 М16 жөө мылтык, 13 граната, 7 РПГ-7 ок - дары, 600 Бикси ок - дарыларын, 6 РПГ-7 кыймылдаткыч патронун, 2 радио, 2 дүрбү менен 2 фотоаппарат жана көп сандаган турмуштук материалдарды колго түшүргөнү маалымдалды.