Эрдогандын Азербайжан тууралуу билдирүүсү

Эрдоган, Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде, кечээ Азербайжандын территориясына кол салган Арменияны дагы бир жолу айыптаганын  билдирди.

1498785
Эрдогандын Азербайжан тууралуу билдирүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган Армения басып алган Азербайжан жерлеринен токтоосуз чыгып кеткенден кийин, аймакта тынчтык жана бейпилдик орной тургандыгын айтты.

Эрдоган, Стамбулдагы Долмабахче кеңсесинде, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) колдоосу менен Стамбул университети жана Мармара Университети тарабынан уюштурулган Тарых, Саясат жана өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер жагынан “Эл аралык деңиз укугу жана Чыгыш Жер Ортолук Симпозиумунда” кечээ Азербайжандын территориясына кол салган Арменияны дагы бир жолу айыптаганын  билдирип, «Түркия бардык мүмкүнчүлүктөрү жана бардык жөндөмдүүлүктөрү менен дос жана боордош Азербайжанды колдоосун улантат. Армения басып алган Азербайжан жерлеринен токтоосуз чыгып кетиши менен аймакта кайрадан тынчтык жана бейпилдик орнойт»,- деди.

Эрдоган: «Аймакта Тоолуу Карабахты басып алуу менен башталган кризиске чекит коюуга кез келди. Армения басып алган Азербайжан аймактарынан токтоосуз чыгып кетүүсү менен аймакта тынчтык жана бейпилдик орнойт. Калган бардык таңуулоолор жана коркутуулар адилетсиз жана мыйзамсыз болуп эле калбастан, Арменияны бузат. Акыркы окуялар чөлкөмдөгү таасирдүү өлкөлөрдүн баарына реалдуу жана адилеттүү чечүү ыкмаларын колдонууга мүмкүнчүлүк берди. Бул мүмкүнчүлүктүн эң жакшы түрдө пайдаланылышын каалайбыз»,-деп айтты.

Минск үчилтиги деп аталган Америка, Орусия жана Франция 30 жылдан бери маселени чече электигин белгилеген президент Эрдоган: «Бул көйгөйдү чечпөө үчүн дээрлик колдорунан келген бардык нерсени жумшашты. Эми болсо акыл айтып жатышат, кээде коркутуп жатышат. Бул эмне деген коркутуу? «Түркия ушул жердеби? Түрк армиясы ушул жердеби?» Муну айткандар биздин түштүгүбүзгө, айрыкча Сириянын түндүгүнө миңдеген фура менен куралдары ташып баргандар. Муну айткандар Сириянын түндүгүн майдалагандар, ал жерде базаларды кургандар. Муну айткандар коалиция күчтөрү менен Сирияда ат ойноткондор. Булар эми келип: "Бул жерде түрк аскерлери барбы? Түркия бул жерге курал-жарак ташып жатабы?»-деп сурады. Мына ушул логиканы, ушул акылды караңыз. Буларга биздин бир тууган Илхам Алиев отчет бере тургансып карашууда. Ансыз деле 30 жылдан бери ал сизге ар дайым "Келгиле, бул маселени чечип алалы. Эми мындан ары дагы узартпайлы»,-деди. Басып алынган жерлер кимдин жерлери? Азербайжандын жерлери, баарыңар макулсуңар, Тоолуу Карабахты кабыл аласыңар. Бул жердеги адамдар Азербайжанда, 1 миллиондон ашык адам жеринен алыс Азербайжанда жашап жатышат. Басып алуучулар болсо ал жерде. Эч ким муну сурабайт. Азыр эсептешүүгө убакыт келди деп, Азербайжан сөзсүз түрдө өзүнүн киндигин өзү кесип салууга аргасыз болду».



Тектеш кабарлар