Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Нэнси Пелосиге каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге Түркияга байланыштуу сөздөрүнөн улам каршылык көрсөттү.

1497266
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Нэнси Пелосиге каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосиге Түркияга байланыштуу сөздөрүнөн улам каршылык көрсөттү.

Чавушоглу твиттерден түркчө жана англис тилинде берген билдирүүсүндө : «Пелоси өзүнүн үлгү болгон сабатсыздыгы менен  АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикерлигине чейин жогорулашы  АКШнын демократиясын тынчсыздантуучу абал. Түрк калкынын эркине сый көрсөтүүнү билишиңер керек»,- деди.

Чавушоглу англис тилинде берген маалыматына Пелосиге жана АКШнын президенти Дональд Трампты да кошту.

АКШнын мыйзам чыгаруу органы Конгресстин астыңкы канаты Өкүлдөр палатасынын демократ спикери Пелоси президент Дональд Трамптын шайлоодо ийгиликсиз боло турган болсо кызматын тынчтык жол менен тапшырып же тапшырбай тургандыгы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн алыс болушуна : «Урматтуу спикер  Түндүк Кореяда эмессиз; Түркияда эмессиз, Россияда эмессиз, Сауд Арабияда эмессиз. Бул жер АКШ, бул жер бир демократия»,- деп каршылык көрсөттү.

Пелоси өзгөчө Россиянын президенти В. Путинди,  Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Президент Р. Т. Эрдоганды мисал катары көрсөтүп : «Трамп өкмөттөгү ролун узун убакыт созгондорго суктанат»,- деген.



Тектеш кабарлар