Түркияда бир суткада 112 миң 885 тест жасалды
Акыркы 24 саатта вирустан 73 киши көз жумду.
1497514
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 73 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 7 миң 858 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 112 миң 885 тест жасалып, 1 миң 665 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 318 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 273 миң 282ге жогорулады.