Расулайнда террордук кол салуу болду

Кол салууда 2 жаран каза болуп, 11 жаран жаракат алды.

1497062
Расулайнда террордук кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Расулайн районунда болгон эки террордук  уюмдун кол салуусунда 2 жаран каза болуп, 11 жаран жараланды.

Шанлыурфанын Жейланпынар районунун маңдайындагы Сириянын Расулайын районуна караштуу Тель Халаф айылында бомба жардырылды. Бул жарылууда каза болгондор же жаралуулардын болбогондугу белгиленди.

Биринчи жарылуудан кийин ошол эле айылда бул жолу бомба жайгашырылган унаа жардырылды. Окуяда эки жаран каза болду алардын бирөөсү бала жана 11 жаран да жаракат алды. Жаралуулардан абалы оор болгон эки киши Түркияга жиберилди.

Кол салуу тууралуу изилдөө баштаган  жергиликтүү коопсуздук күчтөрү кол салуунун ЙПГ/ПКК жикчил террордук уюм тарабынан жасалуу ыктымалына токтолушууда. Расулайн райондук борбору 2019 -  жылы 12 -  октябрда түрк куралдуу күчтөрүнүн «Тынчтык булагы» операциясы менен террордон тазаланган болчу.

 



Тектеш кабарлар