Президент Эрдогандын Түрк тили майрамына байланыштуу билдирүүсү

Президент Эрдоган 26-сентябрь Түрк тили майрамына байланыштуу кайрылуу жасады.

1497364
Президент Эрдогандын Түрк тили майрамына байланыштуу билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган билим берүүдөн маданиятка, соодадан байланышка чейинки бардык тармактарда түрк тилинин потенциалынын жогорулашын көрүү сыймыктануу экендигин айтты.

Эрдоган: «Биз тилибиздин бардык байлыктарын камтыган түшүнүк менен түркчөбүздү коргой беребиз»,-деди.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, президент Эрдоган 26-сентябрь Түрк тили майрамына байланыштуу кайрылуу жасады.

Дүйнөнүн эң байыркы жана кеңири жайылган тилдеринин бири болгон түрк тили бүгүнкү күндө ар кандай диалектилер жана оозеки сөздөр менен кеңири аймакта өзүнүн баалуулугун, байлыгын жана артыкчылыгын көрсөтүп жаткандыгын белгилеген президент Эрдоган, түрк улутунун миңдеген жылдык маданий тарыхына, үзгүлтүксүз мамлекеттик каада-салтына жана цивилизациялык өнүгүүсү менен бирге түрк тилине кошкон салымдарына басым жасады.

Маданияттын жана цивилизациянын негизи болгон тилдин, албетте улуттун өздүгү жана мүнөзүнүн эң негизги аныктоочу элементи экендигин баса белгилеген Эрдоган, тилин жоготкон коомчулук үчүн берки баалуулуктарын коргоо өтө кыйын болоорун баса белгиледи.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө: «Илим, технология, экономика, өнөр жай, соода сыяктуу бардык тармактарда заманбап цивилизациялардын деңгээлинен көтөрүлүү үчүн күрөшүп жатканда биз өз тилибизди «улуттук рухубуз» катары көрүп, аны коргошубуз керек. Тилдин, бир коомчулук үчүн өзүнүн өткөн тарыхы менен байланышып келечекке кадам таштоонун эң маанилүү каражаты экенин билип, түрк тилибизди жашоонун ар бир тармагында тереңдиги жана байлыгы менен сактап калышыбыз керек. Күндөлүк жашоодон коомдук медиа каналдарына чейин ар бир тармакта түрк тилинин туура жана жакшы колдонулушуна аяр мамиле жасоо биз алган бай тил мурасын келечек муундарга өткөрүп берүүдө эң маанилүү кадам болот»,-деп айтты.

Түркия менен катар Европадан Азияга чейин кеңири аймакта сүйлөшүлгөн түрк тилинин мааниси күн өткөн сайын дагы жакшы түшүнүктүү боло баштаганын баса белгилеген Эрдоган: «Билим берүүдөн маданиятка, соодадан байланышка чейинки бардык тармактарда түрк тилинин жогорулап бара жаткандыгын көрүү биз үчүн сыймыктануу сезими болуп саналат. Тилибиздин бардык байлыгын камтыган түшүнүк менен түркчөнү коргоону улантабыз. Ушундан улам 26-сентябрь Түрк тили майрамынын улутубуз үчүн аң-сезимдүү болууга өбөлгө түзүшүн каалаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар