Эрдоган-Столтенберг телефондогу сүйлөшүүсү

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар жана Түркия-НАТО карым-катнаштарына баа берилди.

1496214
Эрдоган-Столтенберг телефондогу сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, сүйлөшүүдө Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуялар жана Түркия-НАТО карым-катнаштарына баа берилди.

Президент Эрдоган телефондогу сүйлөшүүдө,  Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңиз маселесинде чыңалууну азайтууну жана диалогдогу жактаганын курулай сөз менен эле эмес, иш-аракеттер менен дагы ачык жана так түрдө көрсөткөнүн белгиледи.

Грециянын чыңалууну күчөтүүсүнө жана тийишүүлөрүнө алдырбастан Түркиянын акылдуу жана бейкапар мамилесинен баш тартпаганын баса белгилеген президент Эрдоган, ушул маалда жарыяланган чалгындоо жолугушууларынын жүрүшү Грециянын атмосфераны жумшартууга карай таштай турган чынчыл кадамдарга байланыштуу экендигин билдирди.

НАТОнун баш катчысы Столтенбергдин Чыгыш Жер Ортолук деңизи боюнча жасаган конструктивдүү аракеттерин жогору баалаганын белгилеген президент Эрдоган, Түркия Чыгыш Жер Ортолук деңизинде НАТОнун ажыратуу процессине биринчи көз ирмемден баштап колдоо көрсөткөнүн жана макулдашууга жетишилишин чын жүрөктөн каалаганын баса белгиледи.

НАТОдогу ажыраттуу операциясында Түркия катары макулдашууга өтө жакын экенин ойлогондорун айткан Эрдоган, НАТО менен кызматташуу жана бул алкакта Түркия менен тилектештиктин аймактык маселелерди  чечүүчүгө карай мааниси жогору экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар