Эрдоган менен Жээнбеков сүйлөшүү өткөрдү

Сүйлөшүүдө эки өлкөнүн карым катнаштарын чыңдоого карата кадамдар талкууланды.

1496805
Эрдоган менен Жээнбеков сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын билдиргенине караганда, сүйлөшүүдө эки президенттин  Түркия менен Кыргызстандын карым-катнаштарын тереңдете турган жана өз ара кызматташтыктарды чыңдай турган кадамдарды караганы жана ошондой эле аймактык маселелерди талкуулагандыгы белгиленди.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.



Тектеш кабарлар