Эрдоган-Ляйен сүйлөшүүсү

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана аймактык абалдар жөнүндө сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду.

1496209
Эрдоган-Ляйен сүйлөшүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен видео конференция өткөрдү.

Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары жана аймактык абалдар жөнүндө сүйлөшүү 40 мүнөткө созулду.

Президент Эрдоган, жолугушуу учурунда, Чыгыш Жер Ортолук деңизинин маселелеринин түпкүрүндө Греция жана Кипр Руму бөлүгүнүн максималисттик талаптары менен Түркиянын жана Кипр Түркүнүн укуктарын тебелөөгө аракет кылышы турганын баса белгиледи.

Маселелерге чечүүчү жол табыш үчүн башынан бери диалогду жактаган Түркиянын Греция менен чалгындоо сүйлөшүүлөрүнө даяр экендигин айткан президент Эрдоган, дипломатияга берилген мүмкүнчүлүк Греция тарабынан буга чейин болгону сыяктуу кайрадан ысырап кылынбоосун каалаганын билдирди.

Президент Эрдоган, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн 18-март (иммигранттар) меморандумунун жаңылануусу, Бажы биримдигинин консенсусун жаңылоо жана (Түркиянын жарандары) визаларды либералдаштырууну камсыз кылуу боюнча таштала турган кадамдар, мамилелерди өркүндөтүү үчүн бекем негиз түзөөрүн айтты.

Мигранттарга байланыштуу адилеттүү жүк жана жоопкерчиликти бөлүшүү чакырыгын кайталаган президент Эрдоган, ЕБнин Греция жана Европа Чек ара жана Жээк коопсуздук агенттигинин (Frontex) (баш калкалоочуларды) артка түртүүлөрү менен кылган  мыйзам бузууларын чечиши керек деп билдирди.



Тектеш кабарлар