Президент Эрдогандын БУУнун 75-Башкы Ассамблеясына кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

1495550
Президент Эрдогандын БУУнун 75-Башкы Ассамблеясына кайрылуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын башталышында, өлкөлөр өз алдынча калтырылган көрүнүш пайда болгонун, ошондуктан көптөгөн жылдар бою катуу айтылып келген  «Дүйнө бештен чоң» тезисинин тууралыгы дагы бир жолу ачык-айкын көрүнгөнүн айтты.

Президент Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган өз сөзүндө, эл аралык уюмдардагы кадыр-барктын түшүп кетпеши үчүн, биринчи кезекте менталитет, мекемелер жана эрежелер каралышы керектигин баса белгилеп, «Биз БУУнун Коопсуздук Кеңешин кайра түзүүдөн баштап, ар тараптуу жана мазмундуу реформаларды тезинен жүргүзүшүбүз керек»,- деди.

Президент Эрдоган, Ковид-19 вакцинасынын кайсы өлкөдө өндүрүлбөсүн, колдонууга даяр боло турган вакциналар адамзаттын жалпы пайдалануусу үчүн сунушталууга тийиш экендигин белгиледи.

Президент Эрдоган, Сирия кризисине байланыштуу, «Эл аралык коомчулук катары биз бардык террордук уюмдарга бирдей принципиалдуу мамиле кылбастан, Сирия маселеси боюнча туруктуу чечим таба албайбыз»,- деди.

Эрдоган, бүгүнкү күндө эң көп качкынга башпаанек берген Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн, жанын үрөп кылган иштери менен бүткүл адамзаттын ар-намысын сактап калганын айтты.

Кудум эле ДЕАШ сыяктуу Иракта уялаган жикчил террордук уюм ПККны жок кылуу маселесине токтолгон Эрдоган, эл аралык коомчулуктан жана бул өлкөдөн (Ирак) чын ыкластан кызматташтык күткөндөрүн айтты.

Эрдоган, Кудста элчиликтерин ачуу ниетин билдирген өлкөлөр бул мамилелери менен чыр-чатакты ого бетер татаалдаштырууга гана кызмат кылаарын баса белгиледи.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги бир топко созулган чыңалуунун артында «жеңген баарын алат» деген түшүнүк менен иш кылган өлкөлөр бар экендигин айткан Эрдоган, «(Чыгыш Жер Ортолук деңизинде) Өлкөбүздү чыгарып салуунун пайдасыз кадамдарында ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү таптакыр жок. Бүгүнкү күндө аймактагы көйгөйлөрдүн себеби, 2003-жылдан бери Греция менен Кипрдин Рум тарабынын максималисттик талаптары менен жасаган бир тараптуу кадамдары болуп саналат»,-деп кесе айтты

Эрдоган, «Биз региондун өлкөлөрүнүн укуктары эске алынган, Кипр түрктөрү дагы катышкан регионалдык конференцияны өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Кипрдеги чечимге бир гана тоскоолдук рум тараптын элдешпес, адилетсиз, бузулган мамилеси болуп саналат»,деген сөздөрү менен түшүндүрдү.

Эрдоган Кипр түрк калкынын коопсуздугуна жана аралдагы тарыхый жана саясий укуктарына туруктуу кепилдик бере турган ар кандай чечимди колдой тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар