Эрдоган БУУнун 75 жылдыгына аралган жыйынга билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, БУУнун 75 жылдыгына арналган жыйынга видео кайрылуу жөнөттү.

1494909
Эрдоган БУУнун 75 жылдыгына аралган жыйынга билдирүү жөнөттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган:«Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) тутуму чыр-чатактарды алдын алууда же чыр-чатактарды токтотууда эффективдүү эмес»,- деди.

Президент Эрдоган БУУнун 75 жылдыгына арналган жыйынга видео кайрылуу жөнөттү. Эрдогандын билдирүүсүндө, БУУнун тутумун кайрадан жигердүү кылуу үчүн биринчи кезекте Коопсуздук Кеңешин реформалоо керектигин белгилеп, «Алдыга коюлган идеалдарга карабастан (БУУ) тутуму чыр-чатактарды алдын алууда да, чыр-чатактарды токтотууда да натыйжалуу эмес»,- деди.

7 миллиарддан ашуун адамдын тагдырын 5 мамлекеттин ырайымына тапшырган Кеңеш структурасынын адилеттүү жана туруктуу эмес экендигин баса белгилеген Эрдоган, мурунку кылымдын муктаждыктарына ылайык калыптанган структуралар менен бүгүнкү сынактардан өтө албай тургандыгын ар бир ким көргөнүн айтты.

Эрдоган: «Демократиялык, ачык-айкын, отчеттуу, натыйжалуу жана акыйкат өкүлчүлүккө негизделген Кеңеш архитектурасын тандоо, адамзат үчүн тандоодон көп милдет болуп калды»,-деп айтып, «Континенттердин кесилиши болгон Стамбулдун Бириккен Улуттар Уюмунун борборуна айлануусу, ошондой эле глобалдык тынчтык жана туруктуулук аракеттерин колдойт»,деген эскертүү жасады.

75-Башкы Ассамблеянын төрагалыгы кызматын улук дипломат жана саясатчы катары элчи Волкан Бозкырдын милдеттенишинин Түркия үчүн сыймыктануу учуру болгону сыяктуу эл аралык коомчулук жагынан алганда да мүмкүнчүлүк экенин белгилеген Эрдоган, «Түркияга көрсөткөн жылуу мамилеңиз үчүн рахмат айтам»,- деди.



Тектеш кабарлар