Акар: «Түркия чөлкөмдүн ырааттуулукка жетүүсү үчүн умтулат»

Акар Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид аль-Мешри менен жолугушту.

1495381
Акар: «Түркия чөлкөмдүн ырааттуулукка жетүүсү үчүн умтулат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ливиянын аскерий жана коопсуздук тармактарына Түркиянын туруктуу колдоосу уланаарын билдирди.

Акар Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин төрагасы Халид аль-Мешри менен жолугушту.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Анкарада Улуттук Коргоо министрлигинде өткөрүлгөн Акар менен Мешринин жолугушуусунда Ливиядагы акыркы кырдаал боюнча пикир алмашылды.

Акар Түркия менен Ливиянын ортосундагы 500 жылдык достук тарыхы менен бир туугандык байланыштарын баса белгилеп: "Түркия аскерий жана коопсуздук жаатындагы билим берүү тармагын жана ливиялык бир туугандарга консультация берүүнү улантат",-деди.

Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган Ливиядагы мыйзамдуу өкмөттүн жанында экендиктерин билдирген министр Акар тарабынан Түркиянын  "Ливия ливиялыктардыкы" деп аталган аймакты турукташтыруу үчүн колунан келген аракетти көрсөтүүнү уланта турганы, ырааттуу, көз карандысыз жана эгемендүү Ливияны колдой турганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар