Эрдоган:«Вакцинаны алдыдагы жылдын алгачкы айларында тейлөөгө киризүүнү пландоодобуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,кабинет жыйналыштарынан кийин маалымат берди.

1494778
Эрдоган:«Вакцинаны алдыдагы жылдын алгачкы айларында тейлөөгө киризүүнү пландоодобуз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «(Ковид-19) Вакцинаны алдыдагы жылдын (2021) алгачкы айларында базарга чыгарууну пландап жатабыз»,-деди.

Президент Эрдоган кабинет жыйналыштарынан кийин маалымат берди.

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүүдө жаңы баскычка өтүлгөнүн баса белгилеген Эрдоган, жетишилген тажрыйбага жана басып өткөн аралыкка жараша жаңы стратегияларды иштеп чыккандарын билдирди.

«Уланып жаткан 8 вакцина өнүктүрүү эмгектеринен экөөндө жаныбарларга сыноолор ийгиликтүү аяктады»,-деп айткан Эрдоган: «(Ковид-19) Вакцинаны алдыдагы жылдын (2021) алгачкы айларында тейлөөгө киризүүнү пландап жатабыз»,-деп сүйүнчүлөдү.

«Түркия пандемиянын башынан бери чара көрүүлөр жана оорулууларга көрсөтүлгөн кызматтар жагынан глобалдык деңгээлде үлгү көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн катарында орун алды»,-деп айткан Эрдоган, кафе жана ресторандарды текшерүүлөр, изоляцияда болушу керек болгон кишилердин байкоого алынышы, 65 жаштан улуулардын коомдук транспорттогу кыймылдуулук күчөгөн сааттарда чыгууларын чектөө сыяктуу чара көрүүлөрдүн күчөтөлө турганын билдирди.

Президент: «Чара көрүүлөрдүн максаты адамдарыбызды кыйынчылыкка түшүрүү эмес, бардык адамдарыбыздын ден-соолугун сактоо болуп саналат»,-деди.



Тектеш кабарлар