Эрдоган Меркель жана Мишель менен жолугат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эртең Европа Биримдигинин кезектеги жетекчиси, канцлер Ангела Меркель жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен үчтүк жолугушуу өткөрөт.

1494614
Эрдоган Меркель жана Мишель менен жолугат

Европа Бирлиги (ЕБ) Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги окуяларды талкуулай турган Европа Биримдигинин Саммитинин алдында Анкаранын дипломатиялык алакалары уланууда.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, эртең Европа Биримдигинин кезектеги жетекчиси, канцлер Ангела Меркель жана Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель менен үчтүк жолугушуу өткөрөт.

Президент Эрдогандын сүйлөшүүлөрдө, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде диалогду колдой тургандыгын дагы бир жолу баса белгилөөсү күтүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө, Түркиянын алдын-ала шартсыз  сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр экендиги дагы бир жолу баса белгиленип, чыңалууну Грециянын күчөткөндүгү, кадам таштоосу керек болгон тараптын да Греция экендиги айтылат.

Европадан көйгөйлөрдүн чечилиши темасында «чынчыл жана акыйкат болушу» күтүлгөнүн кайталап айта турган президент Эрдоган,  Бажы биримдиги келишимин жаңыртуу жана виза режимин жоюу боюнча Түркиянын күтүүлөрүн билдирет.



Тектеш кабарлар