Эрдоган грек гезитине кылмыш ишин козгоду

Президент Эрдоган адвокаты аркылуу Грецияда басмадан чыккан  «Dimokratia» гезитинин ээсине, жазуу иштери боюнча директоруна жана башкы редакторуна каршы "Президентти кемсинтти" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

1494466
Эрдоган грек гезитине кылмыш ишин козгоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзүнө катуу акаарат кылган жана сөгүнгөн сөздөрдү камтыган баш сөз колдонулган грек гезитине каршы кылмыш ишин козгоду.

Президент Эрдоган адвокаты аркылуу Грецияда басмадан чыккан  «Dimokratia» гезитинин ээсине, жазуу иштери боюнча директоруна жана башкы редакторуна каршы "Президентти кемсинтти" деген айып менен кылмыш ишин козгоду.

«Грек гезитинде биздин Президентке каршы айтылган сөздөр, трагедиялуу адеп-ахлактык кыйроонун эң жаман көрүнүштөрүнүн бири»,делген арызда, «Грек коомчулугунун унчукпастыгын карасак, бул адеп-ахлактык деградация чектен чыккан сегменттер менен гана чектелип калбаганы түшүнүктүү», деген сөздөр колдонулду.

Арызда төмөнкүдөй сөздөр камтылган: «Сөгүнүү - айта турган сөзү жоктордун, же ылайыктуу тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болбогондордун тили. Бул сөгүнүү, бул анын бутага алган кишиси үчүн эмес, аны айткандар үчүн чоң уят жана жек көрүндү иш. Бул жийиркеничтүү иш-аракеттердин максаты бир гана биздин Президенттин жеке өзү эмес. Ошол эле учурда Жер Ортолук деңизинде жана Аралдар деңизинде Президентибиздин чечкиндүү түрдө коргогон биздин Улутубуздун жогорку кызыкчылыктары болуп саналат».

Башка жагынан алганда, Анкара Башкы прокуратурасы президент Эрдоганды кемсинткен баш сөзүнөн улам, Грецияда басмадан чыккан Dimokratia гезитинин жооптуу кызматкерлерине каршы «Президентти кемсинтти» деп тергөө ишин баштады.

Башкы прокуратура Эрдоганга каршы акаарат мазмунун жана жаңылыктарын камтыгандыгы үчүн гезиттин жооптуу кызматкерлерине карата Түркиянын Кылмыш-жаза кодексинин 12, 13 жана 299-беренелерине ылайык, "Президентти кемсинткен" деп тергөө ишин баштоого чечим чыгарды.

Адилет министри Абдулхамит Гүл дагы Димократия гезитинин Эрдоганды кемсинткен баш макаласы үчүн Грециянын адилет министри Костас Циараска кат жөнөттү.

Министр Гүлдүн катында, «Мен бул адеп-ахлаксыз жана уятсыз иш-аракетти эң катуу түрдө айыптайм жана аны кабыл алынгыс деп эсептейм. Эч качан кабыл алынбай турган бул ыпылас окуяга кайдыгер калбай мамиле кыласыңар жана зарыл чараларды Греция бийлиги тез арада көрөт деп ишенем», сөздөрүн колдонгон.



Тектеш кабарлар