Саламаттык сактоо туризминде дүйнөнүн жаркылаган жылдызы-Түркия

Түркия, саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалар, саламаттык сактоо мекемелери жана менчик ооруканалардын бул жааттагы аракеттеринин натыйжасында ден-соолук туризминде дагы бир топ аралыкты басып өттү.

1494044
Саламаттык сактоо туризминде дүйнөнүн жаркылаган жылдызы-Түркия

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына каршы эң мыкты күрөшүп жаткан өлкөлөрдүн катарында көрсөтүлгөн Түркия, өзгөчө саламаттык сактоо кызматкерлери жана өнүктүргөн тутуму менен мактоого арзыды.

Түркия, саламаттык сактоо тармагындагы реформалар, саламаттык сактоо мекемелери жана менчик ооруканалардын бул жааттагы аракеттеринин натыйжасында ден-соолук туризминде дагы бир топ аралыкты басып өттү.

Анадолу Агенттиги (AA) берген баа боюнча Доктун Ден-соолук туризм агенттигинин улук менеджери (Doc's Health Tourism Agency Üst Yöneticisi) Юсуф Темрел, Түркиянын бул тармактан эпидемиялык процесске карабастан акыркы бир жылда орто эсеп менен 1 миллиард доллардык киреше тапканын белгилеп, анын 60 пайызынын эстетика тармагынан түшкөнүн билдирди.

Өткөн жылы ден-соолук туризми жана туристтин ден-соолугунун алкагында Түркияда 662 миң 87 пациентке  кызмат көрсөткөндөрүн белгилеген Темрел: «Бул көрсөткүч 2020-жылдын биринчи чейрегинде 143 миң 266 болду. Бул жерде киреше 187 миллион 955 долларга жетти. Түркияга келген эл аралык бейтаптар жагынан алдыңкы 3 орунду Ирак, Азербайжан жана Түркмөнстан ээледи»,- деди.

Изилдөөлөргө ылайык, Түркиянын пандемия мезгилинде эң коопсуз өлкөлөрдүн катарындагы Франция, Италия, Испания жана Улуу Британия сыяктуу айрым Европа өлкөлөрүнүн алдында орун алганын белгилеген Темрел, пандемияга каршы кеч чара көргөндүгү менен сындалган АКШнын болсо 58-орунда экенин маалымдады.



Тектеш кабарлар