Хаккариде дагы 2 ПКК террористи жок кылынды

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги тарабынан билдирүү жасалды.

1493884
Хаккариде дагы 2 ПКК террористи жок кылынды

Хаккаринин элет жеринде жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.

Ички иштер министрлиги тарабынан жасалган билдирүүдө, «Чагылган-2 Жило» операциясынын алкагында Хаккаринин элет жеринде, Облустук Жандармерия командирлиги жана Облустук Коопсуздук башкармалыгы тарабынан биргелешкен операциянын жүргүзүлгөнү белгиленди.

Абадан колдоого алынган операцияда эки террористтин куралдары менен жок кылынганы маалымдалган билдирүүдө, ошондой эле аймактагы операциянын улантылгандыгы белгиленди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Твиттердеги баракчасынан операция тууралуу билдирүү жасап, «Чагылган операциялары «чагылган» сыяктуу. Хаккариден дагы бир жаңылык. Кабар бир аздан кийин келет. Куттуктайбыз баатырлар. Аллах бутуңузга таш тийгизбесин»,деген сөздөрдү айтты.



Тектеш кабарлар