Акар жана Калын грек журналисттин ыпылас баш сөзүнө каршылык көрсөтүштү

Грециянын гезитинин баш сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган ыпылас тема орун алган.

1493935
Акар жана Калын грек журналисттин ыпылас баш сөзүнө каршылык көрсөтүштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, президент Режеп Таййип Эрдоганды бутага алган Грециянын гезитинин баш сөзүнө каршылык көрсөттү.

Министр Акар, «Журналистикага эч кандай тиешеси жок грек гезитинде биздин Президентибизге багытталган өтө төмөн деңгээлдеги билдирүүнү кескин айыптайбыз жана муну акыл-эси ордунда грек эли менен кошо акыл-эси бар эч ким кабыл албайт. Бул уят документ грек басма сөз тарыхында кара так бойдон калат»,- деди.

Акар, эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнашты бузууну максат кылган жана коомдук абийирде жокко эсе болгон бул адепсиздерге байланыштуу Греция бийликтери тарабынан керектүү административдик жана соттук чаралардын токтоосуз кабыл алынышын күтүп жатышкандыгын баса белгиледи.

Президенттин басма сөз катчысы Ибрахим Калын да гезиттин президент Эрдоган жөнүндө жазган макаласына каршылык көрсөтүп, «Мен муну эң катуу түрдө айыптайм, айыптайм жана каргайм. Анткени бул коюлган теманын басма сөз эркиндиги жана сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок. Бул чагымчылык болуп саналат», - деди.

Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Чыгыш Жер Ортолук деңизи тууралуу түрк тилиндеги твиттерине токтолгон Калын: «Макрон мырзанын билдирүүнү түрк тилинде жарыялоосу жакшы, жагымдуу кадам. Бирок сөзүнөн мааниси (сөзү, сөзү) абдан маанилүү. Ошондой эле эмнени түшүндүрүп, кандай саясий стратегиялык негизге дал келгенин караш керек. Менин оюмча, Макрон мырза дүйнөлүк саясатты туура окубайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар