Түркияда акыркы суткада вирустан 68 киши көз жумду

Акыркы бир суткада ооруканадан 1 миң 312 киши айыгып чыкты.

1493779
Түркияда акыркы суткада вирустан 68 киши көз жумду

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 68 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 7 миң 445 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 97 миң 436 тест жасалып, 1 миң 538 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 312 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 266 миң 117гее жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар