Президент Эрдоган: "Өлкөбүздүн бир тамчы суусун, бир карыш жерин дагы коргоону улантабыз"

Президент Эрдоган, Твиттер барагынан чечүүчү жол жана диалогго чакырган бөлүшүү жасады.

1493781
Президент Эрдоган: "Өлкөбүздүн бир тамчы суусун, бир карыш жерин дагы коргоону улантабыз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "Түркия Республикасы 2 миң жылдык өтмүшү болгон түптүү жана байыркы мамлекет болуп саналат",-деди.

Президент Эрдоган, Твиттер барагынан чечүүчү жол жана диалогго чакырган бөлүшүү жасады.

Президент Эрдоган, чынчыл ар бир чакырууга кулак салып дипломатияга жер ачып, маселелерди диалог жолу менен ар ким пайда таба турган чечүүчү жолго жеткирүү ниетинде болгондорун билдирди.

Эрдоган: "Түркия Республикасы 2 миң жылдык өтмүшү болгон түптүү жана байыркы мамлекет болуп саналат. Эч бир комплекске кабылбастан, учурдагы бардык процесстерди акыл эстүү жана жетилгендик менен жүргүзүп, өжөрдөнгөн провокацияларга эч качан алдырып койгон жокпуз. Биз чынчыл ар бир чакырууга кулак салып дипломатияга болушунча жер ачып, маселелерди диалог жолу менен ар ким пайда таба турган чечүүчү жолго жеткирүү ниетиндебиз. Өлкөбүздүн бир тамчы суусун дагы, бир карыш жерин дагы бул көз караш менен коргоону акырына чейин улантабыз",-деп айтты.



Тектеш кабарлар