Мустафа Шентоп, Фуат Октай, Абдулхамит Гүл грек гезитине каршы чыгышты

Түркия Улуттук Парламентинин Спикери Мустафа Шентоп Грецияда  чыккан бир гезиттин Президент Р. Т. Эрдоган тууралуу биринчи беттен чыгарган кабарына каршы чыкты.

1493585
Мустафа Шентоп, Фуат Октай, Абдулхамит Гүл грек гезитине каршы чыгышты

 Түркия Улуттук Парламентинин Спикери Мустафа Шентоп Грецияда  чыккан бир гезиттин Президент Р. Т. Эрдоган тууралуу биринчи беттен чыгарган кабарына каршы чыкты.

Шентоп социалдык медиа твиттерден берген маалыматында : «Бул адепсиздикти катуу айыптап, мунун бир саясат эмес экендигин, муну кылган жана кылдырткандардын ичинде жан талашкан жана ылайык болгон турмуш стилинин бир көрсөткүчү экендигин белгилегим келет. Түркия катары бардык тармакта керек болгон сабакты берүү кудуретине ээбиз. Урматтуу Р. Т. Эрдоган Түркиянын президенти; башкы командирибиз»,- деди.

Вице - президент Фуат Октай да президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы чыккан грек гезитинин башкы беттеги макаласына каршылык көрсөттү.

Фуат Октай соцтармактан берген маалыматында бул сөздөргө орун берди : «Грецияда белгилүү бир гезиттин урматтуу президентибизди бутага алган жана ой эркиндиги менен же басма сөз этикасы менен дал келбеген адепсиздги, Чыгыш Жер ортолук деңизинде тынчтыктын ордуна согушту, макулдашуунун ордуна хаосту максат кылган аң  - сезимдин  чагылуусу, аймактагы көкүтүүлөрдүн  жыйынтыгы».

Юстиция министри Абдулхамит Гүл да твиттерден берген маалыматында : «Грек мекемелери мындай тарбиясыздыкка жана кылмышка орток болбошу керек. Мыйзам эмне керек кылса аны аткарышы керек»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик да твиттерден берген билдирүүсүндө : "Грецияда бир гезиттин  президентибизге карата айтылган сөздөрдү катуу айыптайбыз. Бул жииркеничтүү басылмалардынартында кээ бир грециялык саясатчылардын Түркия тууралуу заардуу тили бар. Бул жиийркеничтүү сөдөр ал саясатчылардын чекесине жабышат."

Айрым грек саясатчылар жана бул сөздөрдү колдонгон массалык маалымат каражаттары өз өлкөлөрүн байкуш абалга түшүргөнүн белгилеген Челик, Президент Эрдоган тууралуу айтылган сөздөрдү Түркия душманы грек саясатчыларга кайра кайтарышкандарын билдирди. 

Коммуникация  башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун да грек кесиптеши Стелиос Петсаска жиберген катта Грецияда бир гезитте Президент Эрдоганга акаарат кылынышын айыптады. 

Фахреттин Алтун катында : "Мындай акаараттардын Грециянын Кылмыш кодекси боюнча жазага тартылышы керектигин баса белгилегим келет. Грек өкмөтүн бул уятсыз жана аянычтуу кыймылы үчүн жооптууларды эсеп суроого чакырамын",- деди.

 

 



Тектеш кабарлар