Эрдоган : "Түркия эпидемиядан эң аз таасирленген өлкөлөрдөн"

Президент Эрдоган Стамбулда Түндүк Мармара авто жолунун Гебзе  -  Измит кесилишинин ортосундагы жолдун ачылуу аземине видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү.

1493700
Эрдоган : "Түркия эпидемиядан эң аз таасирленген өлкөлөрдөн"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын жаңы тип коронавирус эпидемиясынан эң аз таасирленген өлкөлөрдөн болгондугун белгиледи.

Президент Эрдоган Стамбулда Түндүк Мармара авто жолунун Гебзе  -  Измит кесилишинин ортосундагы жолдун ачылуу аземине видеоконференция аркылуу катышып сөз сүйлөдү. Сөзүндө Түркияны глобладык жана аймактык күч кылуу үчүн кадам ташташкандарын баса белгилеген Эрдоган : «Акыркы 7 жылда Түркия учураган кол салуулар негизинен экономикабызды бутага алган. Эпмидемия менен ушундай бир мезгилде туш келдик. Эпидемиянын бардык мамлекеттерге абдан чоң тескери таасири болду. Түркия бардык терстиктерден эң аз таасирленген өлкөлөрдүн арасында. Көптөгөн чараларды көрүү менен улутубуздун жанында болдук»,- деди.

Жылдын үчүнчү чейрегинде өндүрүштү улантуу менен эпидемиянын таасирлеринин маанилүү бөлүгүн артта калтырышкандарын белгилеген Эрдоган : «Берилген ылайыктуу финансынын таасири менен турак жай жана автомобилде бири биринин артынан рекорддор келүүдө. Алдыбыздагы  мезгилде жумуш менен камсыз кылуу дагы да өсөт. Буйруса үчүнчү чейректи  баарын ыраазы кылган бир өсүү катнашы менен жабабыз»,- деди.

Эрдоган эл аралык кредиттик рейтинг мекемелеринин Түркия тууралуу баа берүүлөрүнө байланыштуу : «Түркияны Африканын, Түштүк Американын четки өлкөлөрү менен бирдей категорияда көргөндөргө эң сонун жоопту ийгиликтерибиз менен беребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар