Ирактан Түркия менен карым - катнаштар тууралуу билдирүү

Ирак улуттук коопсуздук кеңешчиси Касым ел  - Аражи Түркия менен карым – катнаштардын улантылышына маани беришкендерин айтты.

1493099
Ирактан Түркия менен карым  - катнаштар тууралуу билдирүү

Ирак улуттук коопсуздук кеңешчиси Касым ел  - Аражи Түркия менен карым – катнаштардын улантылышына маани беришкендерин айтты.

Ирак улуттук коопсуздук кеңешчилигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Аражи Түркиянын Багдат элчиси Фатих Йылдыз менен борбор шаар Багдатта жолугушту.

Эки өлкөнүн карым  - катнаштары каралаган сүйлөшүүдө Аражи : «Премьер  - министр Мустафа ел  - Казыми өкмөтү Ирак менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштардын улантылышына маани берет»,- деди.

Элчи Йылдыз да Президент Р. Т. Эрдогандын Иракка баруу ниетинде экендигин билдирип Казымини да борбор шаар Анкарага келиши үчүн расмий түрдө чакырды.

Йылдыз сүйлөшүү тууралуу соцтармактан берген маалыматта бул сөздөргө орун берди : «Ирак улуттук коопсуздук кеңешчиси Касым ел  - Аражи менен жолугушуп, өлкөбүздүн Ирак менен карым  - катнаштарына берген маанини, ушул алкакта террор менен күрөшүүдө кызматташуу эркибизди баса белгиледим».



Тектеш кабарлар