Түркия БУУнун баш катчысы Гутерришке жооп кайтарды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой бул тууралуу маалымат берди.

1492634
Түркия БУУнун баш катчысы Гутерришке жооп кайтарды

Түркия БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин Кипр маселеси боюнча билдирүүлөрү тууралуу Аралдагы эки тараптын ортосунда чечүүчү жол табыш үчүн орток платформа жана көз караш болбогонун жарыялады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Антонио Гутерриштин Кипр маселесинин чечилиши тууралуу билдирүүлөрүнө жооп берди.

Гутерриштин Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР)алдыдагы айда боло турган президенттик шайлоодон кийин өткөрүлө турганын айткан 5+БУУ жыйналышынын Түркия жагынан алганда жаңы сүйлөшүү жыйыны түшүнүгүн бербегенин айтып,"Аралдагы эки тараптын ортосунда чечүүчү жол табыш үчүн орток платформа жана көз караш жок. Өтмүштө бардык сүйлөшүү процесстери, Кипр Рум тарабынын аралда ортоктоштуктун талабы болгон саясий теңдикти кабыл албоосу жана саясий теңдиктин так түрдө камсыздалбоосунун себебинен ийгиликсиз болдук. Мунун артында Кипр Рум тарабынын башкарууну дагы жана табигый булактарды дагы Кипр Түрк тарабы менен адилеттүү бөлүшүүнү каалабоосу жатат",-деп билдирди.

Аралда өнөктөштүк курулушу үчүн Рум тараптын саясий теңчиликти кабыл алышы керектигин баса белгилеген Аксой, «Эгер бул жасала албаса, анда эгемендүү теңчиликтин негизинде, эки мамлекеттүү чечүүчү жол боюнча жаңы сүйлөшүү процессине кирүү талап кылынат. /.../. Андай болбосо Түркия мурда дагы көп жолу билдиргенибиз сыяктуу бүдөмүк платформада жана мурда ишке ашпай калган ыкмалар менен жаңы сүйлөшүү процессине кирбейт»,-деди.



Тектеш кабарлар